• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Пандемияда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

18 Бештин айы 20209:10 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, комиссия 30 адамдан турат. Курамында эки депутат бар.

«Комиссия 10 күн аралыгында коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдарды иликтөөнүн үстүнөн иштейт», — дейт ал.

Сурабалдиева бул маселе боюнча ызы-чуу болушун четке каккан жок.

Количество просмотров: 121