• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Панфилов паркынын аймагындагы 41,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

25 Жалган куран 2024 9:52 Бишкек Govori.TV

УКМК коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарды. Бул тууралуу УКМК тарамкан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.

Аталган жер тилкеси И. Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана КР Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран, жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу баасы 41 678 000 сом болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 71