Пара алып жаткан жеринен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, «О.И.К.» кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен КР ЮМ караштуу ЖАКнын 47-ТМде жазасын өтөп жаткан соттолгон “А.А.Х.” акча талап кылганы аныкталган.
«Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, кармалган “О.И.К.” соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.