• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Париж» понсионатына конгон тик учакта Сауд Арабиясынан келген коноктор болгон

26 Теке 202412:35 Бишкек Govori.TV

Кечээ социалдык тармактарга Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Париж» понсионатына тик учак конгон видео тараган. Ал көрүнүш коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү божомолдорго жол ачкан. Айрымдар пансионатты чандатып, элдин көңүлүн бурбай эле Тамчы аэропортуна конуп, анан бул жакка унаа менен келсе болмок экен десе, кээ бирөөчү конгон тик учак эс алуучулардын тынчын алып жатат деп нааразы болгон. Дагы бирөөлөр «пансионаттагы туристти эвакуциялоого келди» деп божомолдогон.

Бирок, тик учактын конушу менен «Париж» понсионаты Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна караштуу экени ачыкка чыкты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Париж» пансионаты уулуна таандык экенин, тик учак пляжга эмес, атайын жабдылган атайын аянтчага конгонун, тик учакта уулу да, өзү да болбогондугун, анда Сауд Арабиясынан, Эмираттардан келген коноктор болгонун жергиликтүү басылмаларга айтты.

Буга чейин тик учак жеке жактарга коммерциялык негизде ижарага берилгенин ӨКМ билдирген. H-145 Airbus аба техникасынын бир сааттык ижарасы 263 миң сом тураары маалым.

Теги:
Количество просмотров: 312