• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Парламент министрлер кабинетинин толук курамы менен жыйынга келбегенин сынга алды

22 Бештин айы 2022 14:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзамдын долбоору карап жаткан учурда депутат Мирлан Самыйкожо жыйынга Маданият маалымат жана спорт министрлиги катышып жаткандыгына кызыкты. Мындан сырткары транспорт министрлигинин да жыйынга катышып жаткандыгы суралды.

Мындай жагдайга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев көңүл бөлүп, өкмөт мүчөлөрүнүн толук курамы менен жыйынга келүүсүн талап кылды.

Депутат Айбек Осмонов министрлер кабинетинин мүчөлөрүн «булар тойго келгендей эле келип алышыптыр го»,- деп сынга алды.

Бул суроого өкмөт өкүлү Алмасбек Абытов буга чейинки тиешелүү комитеттин жыйынында бардык мүчөлөр катышканын эске салып, бул чоң жыйынга азыраак келгиле деген талап болгонун билдирди.

Количество просмотров: 69