Бишкек.12.12.2018.Govori.TV.
Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча бүгүн, 12-декабрда саат 16:00дө Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматы угулат.
Бүгүн парламенттеги “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров ушундай сунуш киргизип, эл өкүлдөрү аны колдоду.
Сабиров Бабановдун ишин парламентте талкуулоогоэкс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айткан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалындагы акыркы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирди. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгүнүн убагында улут аралык кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин айтты. Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керек экенин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын белгилеген.