• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Премьер-министр 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду

24 Бештин айы 201812:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.12.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу КРдин Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, жарандар 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январында, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майында эс алышат.

Белгилесек, документке ылайык, 25-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнү 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнү 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которулууда.

Теги:
Количество просмотров: 27