• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент өлкөдөгү каржы-кредиттик мекемелердин туруктуу иштөөсүн талап кылды

3 Тогуздун айы 2019 8:55 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Акча-кредиттик саясатын жүргүзүү ишмердиги, банктык жана төлөм системасынын азыркы кырдаалы, ошондой эле өлкөдөгү баа жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү каржы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн, Кыргызстандын экономикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн ишкерлерге жана жарандардын кызыкчылыгында каржылык ресурстарды мобилизациялоо керектигинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруунун алкагында район жана облустардагы экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча коммерциялык банктар жана каржы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Аны менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын системасында санариптик технологияларды жана автоматташтыруу процессин ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөдө банктык жана төлөмдөрдүн жаңы шарттарынын деңгээлин жогорулатуу боюнча мындан ары чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанда баалардын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгын, 2019-жылдын августунда жылдык инфляциянын көлөмү 2% түзгөндүгүн белгиледи.

Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты экономикадагы активдүүлүккө дем берүүгө багытталган: эсептик ставка (4,25%) төмөндөдү жана кредиттик операциялар жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчысына ошондой эле кичи ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана насыялоону кеңейтүү жана ошондой эле санариптештирүү алкагында банктык кызмат көрсөтүүлөр, өлкө аймактарындагы каржылык шарттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Улуттук банк 2019-жыл ичинде жалпы көлөмү 36 млрд сомду түзгөн 27 кредиттик аукцион өткөргөнүн белгиледи. Анын ичинде көпчүлүк бөлүгү — 27 млрд сом аймактарды өнүктүрүү максаты үчүн кредиттик аукциондордун алкагында сунушталды.

Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн төлөм системасы туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Мобилдик банкинг шарттарын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор, накталай эмес эсептөөнүн заманбап формасы жана өлкөнүн алыскы аймактарында банктык кызматтарды көрсөтүү ишке ашырылууда. «Элкарт» картасынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,3 пайызга көбөйдү.

Количество просмотров: 53