• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Президент мушкер Шевченкону куттуктады

10 Бештин айы 2018 8:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССРөлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге   мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтердикаалайм. Ыңгайлуу учурда  Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», -деди мамлекет башчы.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону аталды.

Мушкерлер Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынашып, натыйжада беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Шевченкого ыйгарышкан.

Валентина ушуну менен мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында бул наамга россиялык Хабиб Нурмагомедов татыган.

Количество просмотров: 23