• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президент УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директорун алмаштырды

22 Жетинин айы 2021 19:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жоробаев Жанибек Суюнбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тескемеге кол койду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Разаев Абдыкадыр Маматюсупович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды

Количество просмотров: 383