Бишкек.25.12.2018.Govori.TV.
Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Насыров Алмаз Турусбекович ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна президенттин жарлыгына ылайык Акматалиев Алмазбек Акматалиевич дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 25-декабрда билдирди.
Жарлыкка А.Насыров өз каалоосу менен жазган арыз негиз болгон. Экономика илимдеринин кандидаты бул кызматка 2014-жылдын 24-ноябрында дайындалган болчу.