Президенттин Жогорку Кеңештеги жаңы өкүлү дайындалды
Калматов Анарбек Баратович президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Анарбек Калматов буга чейинки Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду.