• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурор Аскат Жетигенди сегиз жылга эркиндигинен ажыратууну сурады

25 Кулжа 202411:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунда прокурор судьядан акын жана активист Аскат Жетигенди күнөөлүү деп, сегиз жылга эркиндигинен ажыратууну сурады.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү отурумда тараптар жарыш сөзгө чыкты. Ошондой эле бүгүн Аскат Жетигенге акыркы сөз берилип, өкүм чыгышы мүмкүн экени айтылууда.

Эске салсак, Аскат Жетигенге 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Количество просмотров: 131