• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Прокурор: ЖЭБдеги коррупция тууралуу Алмазбек Атамбаевге укуктук баа берилет

14 Бирдин айы 2019 15:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV

Бул кылмыш иши боюнча экс-президенттин орду тууралуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн парламентте депутат Алмаз Токторовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди:

«Коррупция» беренеси боюнча Исаковго уюштуруучу деген айып тагылган. Анын экс-президент менен жазышкан каттары бар. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келгендиктен, «Коррупция» беренеси боюнча тергелип жатат. Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Тергөө тобу ага өзүнчө укуктук баа берет.

Башкы прокуратура Сапар Исаковду «Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияны уюштурган» деп айыптоодо. Бул боюнча сураган депутат Алмаз Токторов: «Коррупциянын башында ким турган? «Исаков жетекчиликке жагынуу максатында коррупцияга барган» деп айтып жатасыздар. Экс-президенттин тиешеси жокпу, ага укуктук баа берилбейби?» деген суроо койгон.

14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тиешелүү кызматкерлери менен кошо Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берип жатат.

13-февралда Жогорку Кеңеш «Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салуу боюнча бир нече сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда жактырган.

Теги:
Количество просмотров: 19