• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Путин атындагы чокуга Украинанын желегинин илиниши боюнча альпинисттер суралды

26 Бугу 2022 17:14 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы Путин атындагы чокуга Украинанын желеги илинген видеону тарткан альпинисттер суралды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына аталган аймактын токойчусу 24-майда кечки саат 7.30 чамасында чокуга бараткан эки альпинистти көргөнүн айткан. Укук коргоо кызматкерлери альпинисттердин тек-жайын аныктап, суракка алганда алар чокуга чыкканда илинген желекти көрүшкөнүн, аны видеого тартып алышканын билдиришкен.

Милиция учурда бул иштин жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын, аталган факт маалымат журналына катталганын билдирди.

Буга чейин Путин чокусунда Украинанын желеги илинген видео тараган.

Количество просмотров: 408