• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Путин Кыргызстан элин Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

9 Бугу 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен, биз эсепсиз курмандыктардын жана жоготуулардын аркасында нацизмди талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаштык мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем», — деп айтылат Россия Президентинин жөнөткөн куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр тилеген.

Количество просмотров: 272