• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Үрөй учурган жол кырсык: Ысык-Көлдө 2 киши каза болду

16 Баш оона 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, 8 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Корумду айылында саат 00:47 чамасында “Subaru Forester”, “Аudi A6” жана “Mazda-626” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам ооруканада каза болуп (1 эркек : 1990-ж.т. К у А., 1 кыз: 2001-ж.т. Эркеайым) жана 8 адам ар кандай жаракат алган (5 аял: 1989-ж.т. Б.М., 1993-ж.т. Ж. кызы М., 1997-ж.т. Б.А., 1995-ж.т. Т.П., 1982-ж.т. Динара, 3 эркек: 1991-ж.т. Ж.И., 1997-ж.т. К у У., 1992-ж.т. Э у А.).

Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилинген. Жерине №31 ӨКБдан 3 куткаруучусу тартылган.

Количество просмотров: 3619