• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Р. Момбеков, ЖКнын депутаты: “А. Атамбаев Ниязов менен Илмиянов тууралуу ачуу чындыктарды укту…”

16 Чын куран 2018 13:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16. 04. 2018. Govori.TV

“Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн мурдагы аппарат башчысы, кеңешчиси, ишенимдүү адамы Фарид Ниязов менен Икрам Илмиянов тууралуу ачуу чындыктарды бүгүн укту”.  Бул сөздү  бүгүн экс-президент менен жолугушуудан кийин ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков Govori.TV агенттигине билдирди.

“Партиянын ишмердүүлүгү, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу кеп башталганда кесиптешим Евгения Строкова Фарид Ниязов менен Икрам Илмияновдор тууралуу чындыкты айтып, далилүү документтерди Алмазбек Шаршеновичтин алдына таштады. Ал ортодо орус кесиптешимдин оозунан сөзүн жулуп алып, “Чындыкты чыдап ичсеңиз таттуу болот, чыдабасаңыз ачуу болот” дедим дагы, мен дагы бүгүнкү саясий кырдаалга, КСДПга карата сындарга, экс-президенттин ишмердигине түздөн-түз жооптуу ошол эки адам болгондугун, баардык маселелерди ошолор чечип, ага чындыкты бурмалап жеткириип келишкенин мындай жолугушууларды эгер Президент кезинде уюштуруп турган болсо ошондо эле айтылмагын, кеч болсо да чындыкты угуп, чечим чыгарышы керектигин айттым. Ал абдан таң калды, чыдап укту. Жакынкы арада партиянын саясий  кеңешин кайра чогултаарын билдирди. 1,5 саатта экс-президент көп чындыкты укту”,-деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүнкү Ала-Арча мамрезиденциясындагы жолугушууга ЖКдагы КСДПчылардын 19у катышканы белгилүү.

 

Количество просмотров: 42