• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Радуга” пансионатындагы массалык мушташтын себеби айтылды

29 Кулжа 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы “Радуга” пансионатындагы мушташка катышкан 18 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мушташка катышкан адамдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, окуянын катышуучуларынын бири пансионатта меймандарын кабыл алган. Келген коноктордун бири көл жээгине жакын жерде заара кылып жатканда аны коопсуздук кызматынын кызматкери көрүп калып, эскертүү жасаган. Ал эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик болуп, ал мушташка айланган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Айрым адамдар бул окуяны президент Садыр Жапаровдун “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгы менен байланыштырууга аракет кылууда. Мындан улам Ысык-Көл облустук милициясы аталган окуя башка мүнөзгө ээ жана жергиликтүү тургундардын пляжга кирүүсүнө эч кандай тиешеси жок экенин эске салат.

Количество просмотров: 5471