Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 946 миң сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүн, 15-декабрда журналисттерге билдирди.
«10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Референдум өткөрүүгө дээрлик 39 млн сомдон ашуун каражат жумшалат»,-деди Бекматов.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.