• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Референдум тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралат

9 Бештин айы 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору шашылыш түрдө парламенттин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан депутаттар ага добуш берген эмес.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуштаганын маалымдаган.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Количество просмотров: 34