• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Республикалык штаб №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун төрт кызматкеринде вирус тастыкталганын эми айтып чыкты

17 Чын куран 2020 16:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен 23 жаӊы учур катталып, анын ичинде Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкеринде вирус тастыкталган. Учурда бардык жарандар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Буга байланыштуу, Үй-бүлөлүк медициналык борбордо дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганга чейин, №17 ҮМБда каттодо турган жарандар Ленин районунун бириктирилген ҮМБсына кайрыла алышат.

Оору жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы дарыгер, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер”, — вице-премьер министр А.Исмаилова.

Бирок Республикалык штаб жана вице-премьер-министр №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун калган кызматкерлери эмнеге обсервацияга жаткырылган жок экенин айтышкан жок. Анткени алардын баары COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон.

Количество просмотров: 247