• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Республикалык штаб: Эл көп жыйналган жерлерден оолак болуңуз

5 Жалган куран 2020 11:15 Бишкек Govori.TV

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөнү жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууну сунуштайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө өткөн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Отурумда белгилегендей, Саламаттык сактоо министирлигинин сунуштамаларына ылайык республикада жакынкы мезгилге пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чаралар токтотулду. Бул сунуштама менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жетекчилери таанышкан.

Штабдын мүчөлөрү айрым жарандарды Кыргыз Республикасында коронавирус кабылгандар бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө жана социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты.

Жыйында кайрадан белгилегендей, Кыргыз Республикасында 4-мартка карата коронавирус катталган жок. Ошону менен бирге өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Буга чейин айрым кыргызстандыктар эпидемиологиялык кырдаал жагымсыз болгон өлкөлөрдөн Россия Федерациясы аркылуу келгенин жашырып, КРдин мамлекеттик чек арасын ID-карта менен өткөнүнө байланыштуу ID-карта боюнча КРдин мамлекеттик чек арасынан өтүүгө убактылуу чектөө киргизилген.

Жыйында бир катар мамлекеттердин (Кытай, Иран, Япония, Корея Республикасы жана Италия) жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү боюнча убактылуу чектөө тууралуу сөз болуп, анда жогоруда айтылган мамлекеттердин жарандары эгерде акыркы 30 күндө эпидемиологиялык кырдаал жакшы өлкөлөрдө жүргөнү анык болсо, республикага кире алары айтылган. Муну менен катар башка эле мамлекеттердин жарандары акыркы 30 күн эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдө жүрүп, анан Кыргыз Республикасына келсе, аларга өлкө аймагына кирүүсүнө чектөө киргизилди.

Эпидемиологиялык абал жакшы эмес өлкөлөрдө убактылуу жашаган же ошол мамлекеттерден кайткан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мекенине келгенде милдеттүү түрдө текшерүүдөн жана карантинден өтөт, андан кийин гана өлкө аймагына киргизилет.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде каттоо кызматына жалпы жарандык паспортту берүүнү тездетүү милдеттендирилди.

Штабдын мүчөлөрү жарандарга өздүк гигиенанын эрежелерин толук сактоону жана ата-энелер балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин эскертүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана илдеттин алдын алуу боюнча өздүк гигиенанын эрежелери жөнүндө билим берүү жайларында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 55