• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россия кара тизмеге кирген кыргызстандыктарга амнистия жарыялады

18 Тогуздун айы 2018 20:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги КРнын жана РФнын мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында Россия тарабы Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориясына миграциялык жеңилдик берүү чечими кабыл алынгандыгын билдирет.
Россия Федерациясынын 1996-жылдын 15-августундагы №114-ФМ “Россия Федерациясынан чыгуу жана Россия Федерациясына кирүү тартиби жөнүндө” Федералдык Мыйзамынын 26-беренесинин 4 жана 8-пунктуларына ылайык Россиянын аймагынан чыгарылган КРнын жарандары үчүн Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салууну алып салуу (“кара тизмеден” чыгаруу).
2018-жылдын октябрь айынан тартып Россия Федерациясынын компетенттүү органдары Федералдык мыйзамдын жогоруда белгиленген пункттарына ылайык Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандарына карата аталган тыюу салууну алып салуу ниетин билдиришти.
“Кара тизмеден” бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча) КРнын жарандары, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында мурун турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган КРнын жарандары (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча).
2018-жылдын октябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн РФнын ИИМнин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, Россиянын аймагына кире берүүгө болот.
Ошондой эле Россиянын аймагында туруунун миграциялык мыйзамдарын бузган КРнын жарандарына карата (мисалы, РФнын аймагында туруу мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана оор эмес административдик укук бузгандар) “миграциялык амнистияны” жүргүзүү.
Ошону менен бирге, төмөндөгү КРнын жарандары бул жеңилдиктерден пайдалана алышпайт:
— Россиянын сот органдары тарабынан өз алдынча чыгууну көзөмөлгө алуу жолу менен РФнын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);
— укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;
— “РФсына кирүү жана РФнан чыгуу тартиби жөнүндө” №114-Федералдык Мыйзамдын 27-беренесинин негизинде Россия Федерациясына
кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандары.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги ушундай эле жеңилдик россия тарабынан 2015-жылы да берилгендигин, көптөгөн жарандарыбыз бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай калышкандыгын белгилейт.
Ушуга байланыштуу, бул маалыматты бардык жакын туугандар, тааныштар арасында жарыялоого чакырат.

Количество просмотров: 79