Күрөш боюнча Орусиянын улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы орусиялык Ханум Велиева менен Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарованын ортосундагы дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттешиндеги калыстарга каршы нааразычылыгын билдиришет. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.
«Биз нааразычылык билдирип жатабыз, одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу», — деп билдирген Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили.
Эске салсак, 6-октябрда Велиева жарым финалдык беттеште Мээрим Жуманазаровага утулуп калган.