• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Роза Отунбаева сүйлөгөн сөзүн чечмелеп берди

4 Бештин айы 2019 19:04 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Роза Отунбаева дарегине айтылып жаткан сындарга жооп берип, айылдыктарды басмырлабаганын айтты. Бул тууралуу ал BBC радиосунун кыргыз кызматына берген маегинде ушул өңүттөгү суроого мындай жооп берген.

«Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул маселе бүт дүйнөдөгү талуу маселелердин бири. Кыргызстандыктардын 65 пайыздан ашууну айыл калкы. Азыркы учурда Жер планетасы дегенибиз топтой эле болуп калды. Ушундай заманда биз өзгөрүшүбүз керек, динамика керек деп айттым. Мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Мен көп нерсени окугам, билем дагы. Мени айылдыктарды басмырлап, сезимине тийди деген сөзгө каршымын. Мен баскан-турган жерде айылдыктарды жактап, таламын талашып эле келе жатам»,-деп билдирген Отунбаева.


Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 3734