• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өрттөлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди

29 Үчтүн айы 2024 11:44 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын октябрында атайылап өрттөлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттөн улам Сузак айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн айрым жооптуу адамдарынын акча уурдоого жана башка көптөгөн мыйзам бузууларга тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер жок болгон.

«Өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу, бул кылмышты жасагандар аныкталган убагында аныкталбай калган. Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында 2023-жылдын август айында бул иш боюнча тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына алынып, өндүрүшүнө киргизилген», — деп билдирди мекеме.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрт коюуга уюштуруучулар менен күнөөкөрлөрдүн катыштыгы бар экени аныкталып, далилденди жана алар камакка алынды. Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 миллион сом өлчөмүндөгү зыян алар тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган.

Теги:
Количество просмотров: 62