Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Балбай Дордоков коло байгеге ээ болду
Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Балбай Дордоков коло байгеге ээ болду
14 Жетинин айы 2018 17:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV
Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло байгеге татыды.
Бул тууралуу биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты маалымат таратты.
Дордоков грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, төрт беттешке катышкан.
12-ноябрда башталган 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу 18-ноябрга чейин уланат.