• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Рыскелди Момбеков дагы суракка чакыртылды

19 Жетинин айы 2020 12:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат Момбеков Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Жанарды бүгүнкүгө чакырса, мени эртеңкиге чакырышыптыр. Акаев, Жээнчороев, Момбеков деп алфавит менен кетип жатышса, эртең Сулайманов менен Токтогазиевге жетиши мүмкүн. Ташиев деле жүргөндөй болду эле 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында, унутуп калам да ушинтип, ал чоң болуп кеткен да, туура» — дейт Момбеков.

Маалыматты министрликтен тастыкташтып, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү болгон Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иштер боюнча күбө катары суракка чакырылганын белгилешти.

Количество просмотров: 143