• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Рыскулова Кыргыз улуттук академиялык драма театрына нааразы

9 Аяк оона 2022 10:18 Бишкек Govori.TV

КР эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова ушул жылдын 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата концерт берген. Анда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын техникалык жамааты өз иштерине так аткарбай, концерттин жүрүшүндө мүчүлүштүктөр көп орун алганын айткан ырчы, өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап нааразычылыгын билдирди.


«Мен театрга бардык ижара акысын берип, техника жагын тейлеген жигиттерге дагы тыйын-тыпырын берип, концертибизди баштаганбыз. Бирок, тилекке каршы концерт учурунда улам микрафондор өчүп, жарыктын туура эмес берилиши, Led экрандардын биздин күндөп-түндөп жасаган роликтерибизди туура эмес кайталап бериши, уюштуруу иштеринде жүргөн 40 чактуу кишинин эмгегин жөн эле жерге төгүп ташташты. Бул жагдай мага көйгөй болуп жүрөгүмдү өйүп жатат»,-дейт ырчы.


Мындан сырткары буга чейин жеке маданий борборлордо концерт берип келген ырчы айым бул ирет мамлекеттик жайда концерт берүүнү чечкен. А бирок, аталган драма театрынын техникалык жамааты орой мамиле жасап, көңүл кош мамиле жасаганына нааразы болгон эл артисти, ошол концертте «көздөрүм күлүп ырдаганым менен, жүрөгүм ыйлап турду»,-деп наарызы болду.


Мындан кийин ошол эле концерт Казакстандын Алма-Ата шаарында өткөн концертти казак жигиттери бир тыйын албастан, мыкты деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 581