• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Сөгүнгөн кыздын камалуусу. Акыйкатчы милициянын аракетин туура эмес деп баалады

15 Чын куран 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

15-апрелде акыйкатчы «Фейсбук» аркылуу түз байланышка чыгып, колдонуучулардын суроолоруна жооп берди.

Анда Акыйкатчы интернетке сөзгүнгөнү тараган кыздын окуясы тууралуу пикирин айтып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын жана чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоого чакырды. Бирок, видеонун интернетке чыгып кеткени туура эмес болгонун билдирди. Мындан тышкары Мамытов милициянын аракеттерин да туура эмес деп баалады.

«Келгиле, териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү, чындыкты табууга тоскоолдук кылбайлы. Кыз эмне үчүн андай реакция кылганын билбейбиз. Албетте, андай кылган болбойт. Эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылыш керек. Айрыкча азыркы оор абалда», — деди ал.

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлаган. Бул окуянын видеосу учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

Количество просмотров: 6995