• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сүйүнчү! Акжол Махмудов Кыргызстандын куржунуна күмүш алып келди

3 Баш оона 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов өлкөнүн куржунуна күмүш алып келди.

Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.

Махмудов буга чейин төрт беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип алган.

Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Буга чейин Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Количество просмотров: 493