Аталган иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков менен Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Жолугушууда Төрага Франция мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын билдирди.
Аны менен катар Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбеков Франция Президентинин чакыруусун кабыл алгандыгын жана 2019-жылы Францияга иш-сапар менен келерин кошумчалады.
Өз кезегинде Эммануэль Макрон Франция үчүн эң маанилүү саналган иш-чарага Кыргызстан тараптын катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы 12-13-ноябрь күндөрү өтүп жаткан Париж тынчтык форумуна катышты.
Форумдун пленардык отурумунун алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Париждеги китепканага Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдугун тапшырды.
“Чыңгыз Айтматов – чыгармалары аркылуу биримдик менен тынчтыкты даңазалаган кыргыз элинин залкар жазуучусу жана улуу ойчулу. Анын руханий бай мурасы келечекке багыт берүүчү компас катары кызмат кылат. Айрыкча, кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын бермети болгон Айтматовдун чыгармалары сиздердин китепкананын фондун толуктап жаткандыгы үчүн кубанычтамын”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.