• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сүйүмбаевдин артынан Исабек Султаналиевда кызматынан алынды

26 Чын куран 2018 16:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.04.2018.Govori.TV.
Исабек Султаналиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык,Султаналиев Исабек Оморбекович  Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп ээлеген кызматынан бошотулду.
7-апрель күнү УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен кошо анын орун басары Болот Сүйүмбаев да кызматтан кеткен. Андан көп өтпөй эле Сүйүмбаевди өкмөт башчы Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчылыгына дайындады. Саясий абал кызып турган маалда мындай кадрдык жүрүштөр талкууларды күчөттү.
18-апрель күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп Исабек Султаналиев дайындалды. Султаналиев буга чейин УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Жакында эле парламентте Султаналиевдин ишмердүүлүгү сынга алынган болчу.
Количество просмотров: 20