• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Сөз эркиндигин жоготуп алуу коркунучунда турат». Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы кайрылуусу жасады

7 Жетинин айы 2023 11:27 Бишкек Govori.TV

Быйыл 7-ноябрда биз кыргыз журналистикасынын 99 жылдыгын белгилейбиз. Кыргыз эли эркиндикти эңсеп, көз карандысыздыкка дайыма умтулгандыктан, биринчи гезитин «Эркин Тоо» деп атаганы да жөн эмес.

Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы олуттуу көйгөйлөргө туш болуп, Кыргыз Республикасынын негизги баалуулуктарынын бири – сөз эркиндигин жана өз пикирин эркин билдирүү укугун жоготуп алуу коркунучунда турат.

Көз карандысыз маалымат каражаттары ар дайым эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыздап, коомчулукка ар тараптуу маалымат берип, өлкө башына кыйынчылык түшкөн учурларда мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн жарандык коом менен биргеликте элибиздин сакчылыгында бекем турган.

Бирок, соңку кездери эркин маалымат каражаттары, көз карандысыз журналисттер жана блогерлер бийликтин жана атайын түзүлгөн фейктер менен троллдордун фабрикасынын болуп көрбөгөндөй кысымына дуушар болушту. Эң бир жийиркеничтүү ыкмалар — журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосуна кийлигишүү, жекече видеолорду социалдык тармактарга чыгаруу, адамдын интимдик жана үй-бүлөлүк жашоосуна таасирин тийгизген кибербуллинг болууда.

Бүгүнкү күндө бардык мыйзам ченемдерин бузуу менен жеке видеолор, үй-бүлөлүк сүйлөшүүлөр, интимдик сүрөттөр жана башка мыйзам тарабынан корголгон жашыруун маалыматтар жазылып, социалдык тармактарга тарап жатат. Ал эми атайын түзүлгөн фейктер жана троллдор фабрикасы (мамлекеттик бюджеттен каржыланат) бул аудио, видео жана сүрөттөрдү кастык сөздөрдү колдонуп, чагымчылдык менен социалдык тармактарда активдүү жайылтууда. Буга мисал катары жакында “Клооптун” журналисти менен “Темиров Лайв” ресурсунун кызматкеринин окуяларын айтсак болот.

Белгилей кетсек, Конституция ар бир адамдын жекече жашоосуна жана анын купуялуулугуна болгон укукту кепилдейт. Жеке жашоого кийлигишүү, анын ичинде социалдык тармактарда жеке видеолорду жарыялоо, ошондой эле журналисттердин аброюна шек келтирүү — жеке маалыматтарды жана купуялуулукту коргоо боюнча мыйзамдарды бузуу болуп саналат.
Эзелтен элибиздин тарыхый каада-салттары боюнча да адамдын жеке ар-намысы, кадыр-баркы жогору турат, аларды сыйлайт. Кыргыз элинин маданиятында үй-бүлөлүк баалуулуктар, жеке жашоо жана адеп-ахлактык принциптер бекем кармалып, жогорудагыдай аракеттер жол берилгис жана сыйлабастык катары бааланат. Жеке жашоого кийлигишүү жана интимдик чөйрөгө кол салуу бул баалуулуктарды одоно бузуу болуп эсептелет жана коомдун айыптоосуна алып келет.

Мамлекет интернетте тараган маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөп, кенедей мыйзам бузуулар болсо массалык маалымат каражаттарын жаап, өз алдынча эркин ойлонгон жарандарды ыкчамдык менен таап турат. Бирок, ал журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу үчүн эффективдүү чараларды негедир колдонбойт. Азыр ар бир адам өзүнүн жеке видео же сүрөттөрү жарыяланган ыңгайсыз абалга туш келиши мүмкүн, бирок мындайда күнөөлүүлөр эч кандай жазага тартылбайт.
Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомчулук Россиянын окшош мыйзамдарынан көчүрүлгөн “ЖМКлар жөнүндө” жана “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” (“Чет элдик агенттер жөнүндө”) мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңеште каралып жатканына тынчсызданууда. Мындай дискриминациялоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу — көз карандысыз ЖМКларды жана жарандык коом институттарын толугу менен жок кылууга, сөз эркиндигин чектөөгө жана Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн артка кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Биз сиздерге Кыргызстандагы журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосун коргоо, мыйзам менен корголгон маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылабыз.
Биз сиздерден Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана көз карандысыз журналистикага коркунуч келтирген жогорудагы мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына жол бербөөнү суранабыз.

Биз сиздерди күчтүү жана эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү үчүн, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомдук уюмдар менен диалогго чакырабыз!

Количество просмотров: 121