• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

С.Жээнбеков: “Мурдагы Президенттин Аппараты аягына чыгара албаган реформаларды биз чыгарабыз”(видео)

17 Бугу 2018 15:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV

Мындан ары соттук реформа боюнча Кеңеш лидерлик орунду ээлеген улуттук аянтча болуусу зарыл. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңешменин жыйынында айтты.

Өлкө башчысы сот реформасы боюнча Кеңеш формалдуу орган болбой, өзүн лидер катары көрсөтө албай калганына токтолду.

“Жогорку Сот кодекстерди колдонууга киргизүүнү координациялап, көзөмөлдөп, концепцияны сактап калышы керек эле. Президенттин Аппараты реформаларды ылдамдатып, аягына чыгарышы керек болчу. Бирок, андай болбой келди. Эми биз ушунун өтөөсүнөн чыгышыбыз шарт”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бул аракеттер элдин сотко болгон ишенимин арттырып, сот системасынын туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн керек экени белгиленди.

Бүгүнкү соттук реформа боюнча кеңешменин жыйынында эки маселе күн тартибине коюлду.

Алар: Сот адилеттигин жүргүзүүдөгү жаңы кабыл алынган процесстик жана башка ченемдерди ишке ашыруу.

Экинчиси, 2018-2022-жылдары сот системасын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштиеп чыгуу.

Жыйынга Өлкө башчысынан сырткары, Вице-премьер-министр Жеңиш раззаков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы прокурор Өтурбек Жамшитов жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Сот-укук боюнча комитиеттин мүчөлөрү катышышты.

Количество просмотров: 27