• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Саякбай» тасмасы эл аралык кинофестивалда байгеге жетти

29 Баш оона 2018 10:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.

«Саякбай» тасмасы Орусиянын Волоколамск шаарында өткөн эл аралык «Волоколамсктын чеги» кинофестивалында байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын продюсери жана режиссёру Эрнест Абдыжапаров маалымдады.

«Бул сынак 23-августта башталган, ага Абхазия, Болгария, Италия, Изариль, Иран, Орусия жана башка мамлекеттер катышты.
Фестивалда Орусиянын кинематография тармагындагы аттуу-баштуу өкүлдөр калыстык кылып, бир апта бою жаш жана тажрыйбалуу режиссёрлордун эмгектерине саресеп салышты.
Жыйынтыгында «Саякбай» тасмасы калыстардын атайын «Адамдын нравалык сулуулугун ачкан» деген сыйлыгына ээ болду. Тилекке каршы, фестивалга бизден эч ким бара алган жок», — дейт Абдыжапаров.
Аскердик-патриоттук «Волоколамсктын чеги» кинофестивалына кыргыз тасмаларынан Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» жана Бектурган Кундузбековдун «Ата» тасмасы катышкан. Фестивалдын жүрүшүндө толук жана кыска метраждуу, документалдык тасмалар көрсөтүлгөнун режиссор кошумчалады.
Количество просмотров: 5