• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Саясатчы Өмүрбек Текебаев 60 жашта

22 Бештин айы 201813:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.12.2018. Govori.TV.

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, “Конституциянын атасы” атыккан, учурда камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 60 жашка толду.

Бул өз кезегинде Өмүрбек Текебаевдин саясий сапары менен тагдырын кайрадан барактоого себеп болууда.

Кесиби боюнча физика мугалими Өмүрбек Текебаев саясатка 1990-жылдардын башындакелип, анын саясий ишмердиги эгемен Кыргызстан менен дээрлик куракташ болду. 

Ал сексенинчи жылдардын этегинде Базар-Коргондо мугалим кезинде окуучулардын пахтатеримге чыгышына каршы болушу менен эл оозуна алынган. Кийинчерээк эгемен Кыргызстандын туусун, гимнин, гербин, улуттук акчасын кабыл алып, алгачкы президентин шайлап, “легендарлуу парламент” атыккан Жогорку Советтин депутаты болуп шайланды.

Теги:
Количество просмотров: 93