• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саймаитинин өлүмүн «Бир Болго» оодарып жаткандарды Сулайманов катуу эскертти

21 Жетинин айы 2019 12:50 Бишкек Govori.TV

Депутат Алтынбек Сулайманов Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты.

”Кытай жараны Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу коомчулукта сырдуу жаңы жагдайлар ачылууда. Мында депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Кайсы бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Ошондуктан бул маселени иликтеш керек. Саймаити ким, ал Кыргызстанга кантип келген, паспортту кантип алган, кимдер менен байланышта болгон, дипунаада кандайча жүргөн? Ушулардын барын иликтеш үчүн депутаттык убактылуу комиссия түзүүнү сунуштайм”, – деди ал.

Эскерте кетели, социалдык тармактарда болжол менен уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаити менен Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловго окшогон адамдын бирге түшкөн фотосүрөтү пайда болду. Автор белгилегендей, фотосүрөт Ошто, Дүйшөн Төрөкулов менен Алтынбек Сулайманов ушул шаарда иштеп жүргөн мезгилинде тартылган.

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманкалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Ал алган жараатынан улам оорукана каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар делген үч киши – сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер – Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адам “Кыргызстандын жарандары эмес” деп билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Количество просмотров: 684