• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саламат Садыкова: «Мурат Мамеди, мени шылдыңдап афиша жасаганыңыз үчүн жооп бересиз»

3 Тогуздун айы 2018 10:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова өзүнүн Facеbook баракчасына, каралоолорго каршы жооп жазып чыкты. Ырчынын жазганын өзгөртүүсүз беребиз.
» Урматтуу акылман элдин, акыйкатты айкындуулукту сүйгөн коомчулук, бүгүн бизде калыстык оюңду билдирүүнүн өзү да, алда канча коркунучтуу абалга жетиптир. Соңку жылдардагы интернет желесиндеги, ээн ооздордун, кылдан кыйкым издеп, адамды жөн жерден каралоонун, жалган жалаага, куру дооматка маш болгон кадыресе кара өзгөйлөрдүн катмарын жетилдирип, бийик деңгээлде каалашынча , шыбата берүүгө кенен аянтчага айландырып салган заманга ракмат.. Кыргызстанымдын жүзүн агартууга арналган, жокто да бардай, аз болсо да саздай, өмүр сүрүүнүн үлгүсүн көрсөтүүгө сарптаган кайран өмүр, кайран көңүл. Соңку учурларда интернет желесиндеги каралоо, шылдыңдоолорго. Кээ бирөөлөр үчүн кара пияр деле жугат экен албетте, бети да жүзү жүрөгү да оорубаганга балким, азыркы оомал төкмөлү мезгилдин мерез камчысы, ошондой долу, бетпак болууга үйрөтүп да салгандай..Бирок мен өз башым, калыстыгымдан, карандай калптын казаны калдырап жатканда, адилетсиз каралоого макул эмесмин. Кечээтен берки ,Лунара деген кызга жерден алып көргө салып жалаң дооматтар айтылып жаткан кезде; «Карылар өлгөнү жатса»- деген орой, ары суук тилдүү окурманга гана оозуңарга таш, неге кесир сүйлөйсүңөр, көбөйтсө да жакпайт дегеним ырас, ал сөзүм жалпы кыргыз элине айтты деп таптакыр жалаа жаап, мени жүйөөсүз каралоого ашыгып жаткандарды да түшүнөмүн албетте, араң турган көз эле чыгып жатат өзү эле.. Мен көрсө ушул мерез дүйнөгө, ушул карөзгөй чөйрөгө ак кызматымдан жакпай келгениме өкүнөмүн… Ким билет кимдин канча жашаарын, бирок карыларды басмырлоого, өлгөнү жатат деп айтууга кантип, ооз барат. Ширеңке чагып, май куюп, табалап жаткандар сиздердин ооздон канчалык адилетсиз суук сөздөр чыгып жатса дагы, мен өз мекениме бар күч кубатымды кайратымды, ар намысымды, карапайым жашоодон баш көтөртпөй, ушакка баткан жаштык жылдарыма да ыраазымын. Бирок токтоткула, менин балдарыма чейин асылып, каралап шылдындаганынарды.Балдарымды жайына койгула жалакорлор…Мурат Мамеди деген да афиша реклама жасап мени шылдындап чыгарыптыр бул учун жооп бересиз» — деп жазган Садыкова.

Количество просмотров: 26