Саламат Садыкова: Оозуңарга таш тийгирлер, Лунара ак ниетинен пикирин бөлүшүп жатат
Саламат Садыкова: Оозуңарга таш тийгирлер, Лунара ак ниетинен пикирин бөлүшүп жатат
2 Тогуздун айы 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын жана Казакстандын Эмгек сиңирген ырчысы Саламат Садыкова Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын «пенсионерлер саякаттаса болот»- деп айтылган көз карашын колдой турганын Barometr сайты жазып чыкты.
Ал «Оозуңарга таш тийгирлер,Лунара ак ниетинен пикирин бөлүшүп жатса жамандайсыңар» — деген. Ырчы аталган макаланын алдына өзүнүн оюн жазып калтырды.
Анда: «Көбөйтүп жатса да жакпайт. Оозуңарга таш тийгирлер ай.. Тап татына жаштарыбызды деле өстүрбөй мынча кекерлүү, кесирлүү карөзгөй эл болдук. Лунара жаңы гана коомдогу ордун таап ак ниетинен пикир бөлүшүп жатса да жамандагандар деги ким жагат бизге.. Баары эле жаман ушул интернет желесиндеги тилинен уу чачкандар өзүңөргө өзүңөр да жакпасанар керек. Бул жашоого келгенинерге нааразы болсоңор Кудайга наалып жатканынарды түшүнөөр бекенсинер.. Кесирлүү кемтик издегендердин аралында качан кимдир бирөөнү алкап рахмат, ыраазылык шүгүр дээр бекенсиңер..»-деп айткан.
Коомчулук бул пикирди Эл артисти айпаш керек эле деп дагы жазышууда.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Касымалиева 20 жылдык жолугушууга барды (сүрөт)
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова 20 жылдык жолугушууга барды. Жолугушуу …