• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Саляновдун өлүмүнө шектүү жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алды

21 Аяк оона 20189:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Мурдагы депутат, экс-баш прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүнө шектүү катары кармалган 32 жаштагы Эрмек Осмонкулов күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул маалыматты Салянова  тастыктады.
Ишти 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту караган. Шектүү Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен Улан Саляновду өлтүргөнүн айтты.
Эске салсак, парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.
Количество просмотров: 42