• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Салтанат Саматованын атасы: «Сакум менин эле балам эмес, элдин баласы болуп калганына ынандым»

16 Баш оона 2018 11:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.08.2018.Govori.TV.
Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын атасы Орозбек Түгөлбаев өз сөзүн келген баардык катышуучуларга ыраазычылык айтуудан баштады.
“Биздин кайгыбызды тең бөлүшүп жаткандарыныздарга ыраазымын, мунун баарын көрүп алып, Сакум менин эле балам эмес, элдин баласы болуп калганына ынандым. Салтанатым жаш чагынан эле оюн-күлкүнүн курчоосунда жүрүп, ар дайым шайыр жүрчү. Кызымдын элге айтылбай калган композиторлук таланты да бар эле, аны уланта албай калды. Кичинекей кезинен өзүн ушул маданият тармагына барарын билчү. Жада калса ооруп калганда да өзүн таштабай “Мен оорудан айыгып калдым, рак деген ооруга чалдыктым, мен аны жеңдим”,- деп телелерден көп чыгып жүрдү. Кызым бул ооруңду айтпай эле койчу, чыкпай эле койчу десем “Ата мен өзүм үчүн эмес башка ушул оору менен ооруп каган адамдарга күч берейин деп атам. Бул ооруну уккан да эле адамдын жүрөгүн сары суу басып, өздөрүн таштап коет. Мен ошондой болбосун деп жатам”,- деген эле. Өзү ооруп жатып да башкалардан жардамын аяган жок. Салтанатым үйрөткөндөй жашоо менен жашайлы, Сакубайымдын жаткан жери жайлуу болсун”,- деп аяктады өз сөзүн Салтанат Саматованын атасы.

 

Количество просмотров: 20