• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Салык бирдей болсун дешти

13 Бештин айы 2018 18:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV.

ЖК депутаттары Дастан Бекешев жана Салайдин Айдаров “Тойбос” жана “Шоро” компанияларынын салыгын 80%га азайтуу сунушун айтып чыгышкан. Мындай демилге коомдо талкууга түшүп, баардык ишканаларда салык маселеси бирдей каралуусу керек деген ойлор жаралды.

Бирок, өлкөгө пайдасы тие турган иш болсо бул долбоорду колдойбуз дегендер да жок эмес.

Мындан улам эл ичинде түрдүү пикирлер айтылып, ар ким өз кызыкчылыгын коргой берсе өлкөгө эмне калат деген суроолор берилип келет.

Эске салсак, ЖКте мындай демилгелердин көтөрүлүүсү жалгыз эмес, Бакыт Төрөбаев менен Турсунбек Акун ун чыгарган фирмалардын салыгын кыйла азайткадыгы коомчулукта айтылып келет.

Количество просмотров: 16