• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Самара кызматынан кол жууду

1 Жетинин айы 2018 20:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.11.2018.Govori.TV

Жаңы эле жетекчилик кызматка дайындалган ырчы Самара Каримова кызматынан алынды. Бул тууралуу Говори.ТВге министрлик кабарлады.

Министрликтин маалыматында кызмат оруну мыйзамсыз болгонуна байланыштуу кызматка дайындоо тууралуу приказ артка кайтарылган.
Маданият министри Азамат Жаманкулов бул дайындоо, ал кызматка келгенге чейин болгонун билдирди.

«Самара Каримова аталган кызматка мен келгенге чейин дайындалган. Эки күндөн бери бул дайындоо боюнча иликтөө жүргүзүп, жумушка дайындоо мыйзамсыз болгонун аныктадык. Буйрукка статс-катчы Өзбекстанда жүрүп кол койгон. Бул мыйзамга туура келбейт. Мен бул буйрукту мыйзамсыз деп эсептеп, жокко чыгардым»,-деди Жаманкулов.

Количество просмотров: 45