• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сариев Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде абакта отурганын айтып чыкты

23 Баш оона 2021 13:50 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде отурганын айтып чыкты. 23-августта анын кыргызстандыктарга кайрылуусу жарыяланды.

Кайрылууда Сариев Кумтөр боюнча 2012-жылдагы ал жетектеген комиссиянын жумуш тобуна жергиликтүү эксперт катары Кутманова да тартылганын, ошол учурда өз оюн айтканга, суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеп, анын тергөөдө “Сариев экологиялык зыянды кыскартып койду” деп айтканы карандай калп экенин билдирди.

“Анын эксперт катары 25 барактан турган корутундусу толук отчетко кирген. Ал айтып жаткан 5 млрд доллар зыян отчеттун 327-бетинде бакыйып жазылып турат. Бирок ошол эле өзү берген сунуштарында бир да жеринде сотко бериш керек деген сунуш жок. Ушундай жазылып турса да меникин киргизбей койду дегенди кандай түшүнсө болот? Мамлекеттик депутаттык комиссиянын сотко берүүгө укугу жок. Андай укук мамлекеттин агенттигине, инспекцияларга берилген. Ошондуктан мамлекеттик комиссия “Центеррага берилген доо-арыздарды колдойт” деп корутундуга жазганбыз. Кутманова Динара жөн жерден калп айтып коомчулукту алдап, адаштырып жатат” деди Сариев.

Кутманова 23-августта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Иш менин арызымдын негизинде эмес, мөңгүнүн үстүнө калдык таштоо маселеси боюнча козголду” деп айтты жана учурунда ага сөз берилбей калганын билдирди:

“Ошол жыйындын видеосу турат. Мен ал жерде маселелерди көтөргөм. Мага сөз бербей коюшкан”.

Кутманова калдыкты мөңгүгө көмүү кыргыз мыйзамдарынын бузулушу болгонун “Центерра” да моюнуна алганын кошумчалап, эсептөөнүн коэффициенти эмне үчүн эске алынбаганын тергөө аныктай турганын айтты:

“Тергөө жүрүп жатат. Тергөө мыйзамдын негизинде, объективдүү карап чыгышы керек. Мен тергөөгө кийлигише албайм. “Центерра” калдыктарды мөңгүнүн үстүнө төгүп мыйзам бузганы, бул үчүн санкциялар каралганы талашкыс факт”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып менен 3-августта кармаган жана соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын адвокаты билдирген.

Количество просмотров: 387