• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сариев: Саясий кризис чыныгы адистердин келиши менен гана чечилет

17 Тогуздун айы 2018 16:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 17-октябрда президенттин шайланганына бир жыл болгондугуна баланыштуу, бул аралыкта кандай иштер кылынып, кандай аракеттер жасалганы туурасында тегерек стол болуп өттү. Анда өлкөнүн белгилүу саясат таануучулары, коомдук ишмерлер, жарандык активистер, эономисттер жана экспертер катышты. Бул туурасында өзүнүн оюн саясат таануучу Марс Сариев айтып өттү.
«Жээнбековдун бир жыл башкаруусу стабилдүү өттү. Ар кандай коррупциялык иштер ачылды, бирок, маани бере кетчү нерсе ал иштердин көпчүлүгү Атамбаевдин адамдарына тиешелүү болду. Негизи мындан да көп иштердин бетин ачууга мүмкүн болчу. Саясий элита кандайдыр бир консенсус табуусу керек, ал качан гана кызматка чыныгы адистер келгенде боло турган нерсе»,-деди Марс Сариев.

Количество просмотров: 11