• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саркарбаев Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тарткан жаран сабалганы айтылды

4 Бугу 2023 12:14 Бишкек Govori.TV

Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тартып алган жигитти Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанынан спорттук дене түзүлүштөгү кишилер сабап кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун унаасы да талкаланган.

Ал эми Бишкек ШИИББден мушташ болгонун, бирок сабалган жарандын жогорудагы окуяга тиешеси бар, же жогун ырасташкан жок.

Милициядан маалымадашкандай, 1-майга караган түнү Асанбай кичи районунда мушташ болду деген билдирүү түшкөн.

«Жерине ыкчам тергөө тобу чыгып, кийин Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнө 1988-жылы туулган Э.А. жана 1987-жылы туулган С.К. аттуу жарандар жеткирилген. Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Kaktus.media кошумчалагандай, жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан, себеби кол салгандар жердештери экенин айткан. Ал эми тергөө бөлүмүнө жеткирилгендерди милиция бошоткон.

Эске салсак, буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колун Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаев өпкөн видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодон Райымбек Матраимов, Курсан Асанов, Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов менен Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди көрүүгө болот.

Количество просмотров: 315