• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Саясий ишмер, Р. Жээнбеков: «Башка мамлекеттерге өзүбүздүн элчилигибизди курдуруу туура эмес» (видео)

4 Кулжа 2018 18:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.05. 2018. Govori.TV

Элчиликти башка мамлекетке курдуруу туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана саясатчы Равшан Жээнбеков айтты.

«Азыр биздин тышкы иштер министрлигибиз  бизге кытай тарап ошол жерге үй жана элчилик куруп берет деп айтып жатат. Мына балээнин баары ушул жерде жатат. Анткени өзүн-өзү сыйлаган мамлекет  жана анча-мынча эл аралык мыйзамдарды  түшүнгөн  тышкы иштер министрлиги  мындай билдирүү жасабайт»-дейт Жээнбеков.

Ошондой эле, бизде  улуттук коопсуздук, улуттук кызыкчылык  жана улуттук ар намыс  деген маселе  бар экендигин белгиледи.

«Биз эч убакта коңшу мамлекеттерге өзүбүздүн  элчилигибизди кургузганга биздин мыйзам , адамдык ар-намысыбыз жана коопсуздугубуз боюнча дагы биздин укугубуз жок. Бул туура эмес маселе «-деп кошумчалады Р.Жээнбеков.

Мындан сырткары,  эгерде ушул маселенин  тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги көтөрүп жаткан болсо, анда жетекчилигинин «отставка» маселесин карашыбыз керек дейт.

Эске салсак, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай Эл Республикасынын элчилигине борбор калаадагы 3,3 гектар жерди берүү жана Пекинден 25 сотых жерге ээ болуп, Кытайдын каржылыгында 9 миллион долларга имарат куруу келишимин колдошкон.

Количество просмотров: 18