• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сел жүрүү коркунучу 4-августка чейин сакталат

31 Теке 202512:49 Бишкек Govori.TV

 ӨКМ тараткан билдирүүгө ылайык, 1-августтан 4-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Буга байланыштуу жарандарга коопсуздук чараларын катуу сактоо сунушталат:

  • коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундарын этият болууга жана зарыл болгон учурда ыкчам кызматка кайрылууга чакырат.

Количество просмотров: 209